Киев спортчуларга беларус жана орус оюнчулары менен мелдешүүгө тыюу салды

  • 1 год мурун

Киев Украинанын спорт федерацияларына Орусия менен Беларус спортчуларынын мелдештерге катышкан-катышпаганын көзөмөлдөөнү жана маалыматтарды украин аткаминерлери менен бөлүшүп турууну тапшырды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эл аралык федерациялар орусиялык спортчулардын биатлон, волейбол, сууда сүзүү, көркөм муз тебүү жана коньки тебүү боюнча эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салган.

2022-жылдын март айында Эл аралык Паралимпиада комитети орусиялык жана беларусиялык спортчуларды Бээжин оюндарына катыштырбай койгон. Буга көптөгөн улуттук комитеттер, командалар жана спортчулар орустар жана белорустар менен беттешүүдөн баш тартышканы себеп болгон. Кийинчерээк комитет Орусиянын Паралимпиада комитетиндеги мүчөлүгүн убактылуу токтоткон.

Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин орусиялык жана белорусиялык спортчуларга бейтарап макамда Олимпиадага катышууга уруксат берген. Мелдешке согушту колдобогон, орус же беларус армиясына, күч түзүмдөрүнө тиешеси жок спортчулар гана катыша алат.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты