Кичи-Жаргылчактагы сел алган жолдор тазаланууда

3-августта эртең мененки саат 8:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Кичи-Жаргылчак айылынын ички чарбалык жолдорун каптагандыгы тууралуу маалымат өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.

Учурда Жаргылчак айыл өкмөтүнөн техника тартылып тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жети- Өгүз районунда сел жүрдү. Топурак аралашкан суу Жаргылчак жана Кичи-Жаргылчак айылдарынын көчөлөрүн каптаган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты