Кичи ГЭС, күн жана шамал электр станциясын курууга жерди тоскоолсуз трансформациялоо тапшырмасы берилди

  • 9 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларды куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. 

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өлкө аймактарындагы энергетиктер видео-конференц-байланыш режиминде катышты. 

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларды куруу үчүн жарактуу жерлерди трансформациялоо иштерине тиешелүү бардык мамлекеттик органдарга далилдүү тапшырмалар берилгенин билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө жашыл энергетика фондунун кармагына кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын курууга үч жер трансформацияланып өткөрүлгөнү белгилүү болду. Алар Кочкор жана Айтматов райондорунан жалпы 34,54 га жер. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 88 кичи ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Быйыл жаңы кошумча республика боюнча 137,5 мегаватт кубаттуулуктагы кичи ГЭСтер ишке берилет. 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип жатат. Ушул жумада жарлыкты ишке ашыруу максатында Министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынат” деп сөзүн жыйынтыктады Төрөбаев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты