Киберкоопсуздук: Кыргызстан эки коло медаль жеңди

  • 12 месяцев мурун

2025-жылдын 22–28-июнунда Сингапурда өткөн киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык олимпиадада (ICO 2025 Singapore) Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, эки коло медалга ээ болду. Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле чоң ийгилик жаратты.

Олимпиадага жалпы 27 өлкөдөн 135 окуучу катышкан. Кыргызстандын намысын коргогон 5 окуучунун ичинен:

Айпери Акжолтоева – Ысык-Көл облусундагы З. Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу;

Исхак Тажибаев – Бишкектеги «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу

коло медалга ээ болушту.

Мындан сырткары, үч окуучу сертификаттар менен сыйланды:

  • Али Имран Кубанов (Бишкек, №6 мектеп-гимназия)
  • Алинур Кадыров («Акылман» президенттик лицейи)
  • Тенгиз Жамалов (Х. Карасаев атындагы лицей, Ысык-Көл облусу)

Команданы эл аралык олимпиадага Кылычбек Урайымов, Эрбол Жусупбековдор даярдашкан.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучуларды, мугалимдерди жана машыктыруучуларды эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери менен куттуктап, бул ийгилик Кыргызстанда жогорку технологиялар жаатында келечектеги жеңиштерге жол ачат деп белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты