KG Group курулуш компаниясынын ээсинин камактагы мөөнөтү узартылды

  • 5 месяцев мурун

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондк сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Имамидин Ташов 2024-жылдын 15-январына чейин камакта калтырылды.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.

УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты