Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов үч адамдын иши кыскартылганын билдирди

  • 1 месяц мурун

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) ушул эле иш боюнча айып тагылган Орозайым Нарматованын, Талант Эшалиевдин жана Эмил Жайчиевдин кылмыш иштери кыскартылганын билдирди.

Бул тууралуу анын абактан жазган кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Илгиз Шаменов катында бир жарым жылдан бери эч кандай негизи жок эле абакта жатканын кошумчалаган.

«2022-жылы октябрь айында Кемпир-Абад берилбесин деген ой пикирибиз үчүн жалпысынан 29 адамга кылмыш иши козголуп, 27 адам камалганбыз. Аны баарыңыздар билесиздер. Арадан дээрлик бир жарым жыл убакыт өттү, анын ичинен табышмактуу сырлар менен сотко жетпей, Орозайым Нарматова, Талант Эшалиев, Эмил Жайчиевдердин үчөөнүн иши тергөөдөн бөлүнүп, кыскартылып кетти. Биринчи Май райондук сотуна 25 айыпталуучунун иши өткөн эле, бүгүнкү күндө 9 адам СИЗОдо мыйзамсыз жатабыз. Калган 16 айыпталуучунун кээ бирин ден соолугуна байланыштуу, кээ бири менен жең ичинен соодалашып, кыскасы ар кандай жагдайлар менен абактан чыгарышты» деп айтылат катта.

Милиция Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменовду 2022-жылы октябрь айында Орусиядан кармап келген. Мунун алдында, 25-октябрда Орозайым Нарматованын Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу чыккан. Анда Илгиз Шаменов, активист Тилекмат Кудайберген уулу, манасчы Дөөлөт Сыдыков жана дагы бир активист Эмил Жайчиев Москвадан туруп кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган. Орозайым Нарматова камакта отурган блогерлерди жана «Кемир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөлөрүн бошотууга чакырган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу 25-октябрда үй камагына алынган. Камакта жаткан Орозайым Нарматова 2023-жылы январь айында үй камагына чыккан. Эмил Жайчиев камакка алынган-алынбаганы тууралуу маалымат жок. Алардын иши кыскартылганы тууралуу укук коргоо органдары комментарий бере элек.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: Илгиз Шаменовдун Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты