Ат-Башы районунда куткаруучулар суунун нугун буруп, үйлөрдү коргоого алышууда
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 24-мартта, саат 17:00 чамасында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайынды айыл аймагынын Талды-Суу айылында турак үйдүн короо жайын суу каптаган. Суу күн жылып, кар эригенден улам толгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар турак үйдү каптап жаткан суунун нугун бурууга жетишкенин кабарлады.
Куткаруучулар Талды-Суу айылынын түштүк тарабындагы коктудан топтолуп келүүчү суунун нугун бурушууда.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!