Бишкектин Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы  ачылат

  • 1 месяц мурун

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ушул дем алыш күндөрү ачылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Маалыматта реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгону, оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жеткени айтылды. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт.

Транспорт кыймылы түндүк тарабында уюштурулат, ал эми түштүк тарабынын ачылышы март айынын аягына пландалууда.

Тиешелүү кызматтар учурда реконструкцияны аяктоо боюнча иштерди улантууда.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты