Келерки жылы 1-январдан тартып бензин жана дизель өндүрүүчүлөр жол жыйымын төлөшөт

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Маалыматта айтылгандай, мыйзам менен салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар каралат. Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер саналат.

Бул жыйымдар түздөн-түз жол фондуна түшөт жана автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого пайдаланылат.

Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты