Казыбек Казалчыга — 120 жыл

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-августта, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленүүдө.

Иш-чаранын алкагында этнофестиваль, кыз-куумай, буюмдар көргөзмөсү, улуттук даамдар жарманкеси жана концерттик программа өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган.

Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп.

Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, Жогорку сот тарабынан акталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты