“Казарман” ГЭСин түрк компаниясы кура турган болууда
- 2 месяца мурун
«Орто Азиялык инвестициялык холдинг» компаниясы Казарман ГЭС каскадын куруу үчүн 11 млн сом акча каражатын казынага которду. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «Орто азиялык инвестициялык Холдинг» компаниясынын башкы директору Орен Ахмет Мюжахид менен жолугушуусунда Кыргыз Республикасында 912 МВттык “Казарман ГЭС каскадын куруу” долбоору боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Негизинен Казарман ГЭС каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында 4 ГЭС бар. «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыкдар. Алар: Ала-Буга ГЭСи — 600 МВт, Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт, Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ. Жалпы ГЭСтин орточо жылдык өндүрүшү 3746,3 млн кВт саатты түзөт.
Компания Бишкекке кеңсе ачып, иш алып барууда. «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААК компаниясы Казарман ГЭС каскадын куруу үчүн 11 млн сом акча каражатын казынага которду.
Тараптар жалпы кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө протоколго кол коюшту. Аталган документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» компаниясынын башкы директору Орен Ахмет Мюжахид кол койду.
Буга чейин, 2023-жылы Казарман ГЭСтер каскадын ири компаниялары кура турганы маалымдалган. Инвесторлор Кытайдын ири PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd. компаниялары» деп жазылган маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан