Казакстанга Тель-Авивден 166 киши кайтып келди

  • 7 месяцев мурун

11-октябрга караган түнү Тель-Авивден Алматыга атайын каттам менен 124 казакстандык келди. Учакта 166 жүргүнчү болгон, алардын 42си чет элдиктер.

Израилден кайтып келгендерди аэропорттон жакындары тосуп алышты.

Алардын айрымдары Израилдеги абал жөнүндө журналисттерге айтып беришти.

Ирина Дмитриенко согуш күндөрү Израилдин түндүгүндө жүргөндө ызы-чууларды укканын билдирди.

«Ливан, Иордания жана Сирия жакын жерде. Аскердик учактар тынымсыз учуп турду. Баары штаттык режимде. Мектеп окуучулары ал күнү мектепке барыш керек болчу. Ал жактагылар мындайга көнүп калган» деди Дмитриенко.

Хайфадан кайтып келген казакстандык Үмүт Желдыбаеванын айтымында, операция жасатканы барган бир нече казакстандыктын абалы начарлап, учуп чыга албай калган.

«Бул адамдар азыр ракеталык чабуулдардан коргонуу үчүн оорукананын бомбадан баш калкалоочу жайында»деди Желдыбай.

Кайтып келгендердин арасында студенттер да бар.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болгон. 7-октябрда ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.

Израилдик 1200, палестиналык 900 жаран каза болду.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты