Казакстандан Тажикстан менен Өзбекстанга 48 мигрант депортацияланды

  • 7 месяцев мурун

Алматыда миграциялык мыйзамдарды бузуу үчүн кармалган Тажикстан менен Өзбекстандын ондогон жараны Казакстандан чыгарылды.

Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын Миграция кызматы Тажикстан менен Өзбекстандын 48 жараны депортацияланганын билдирди. Алардын баары Казакстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктоо максатында жүргүзүлүп жаткан «Нелегал» операциясы учурунда кармалган.

Алматы полициясы атайын автобус уюштуруп, депортациялангандарды Өзбекстандын чек арасына чейин коштоп барган.

6-октябрда Алматы полициясы «Нелегал» рейди учурунда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 464 чет өлкөлүк жаран жоопко тартылып, алардын 88и соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылганын кабарлаган. Кармалгандардын арасында Тажикстандан барган ондогон мигрант болгон.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда Тажикстандан барган мигранттар көп эмес – болжол менен 10,5 миң адам бар.

Орусиядагы соңку экономикалык оор кырдаал айрым тажик мигранттарын Казакстанга иштөөгө мажбурлады. Тажик мигранттары негизинен базарларда жана курулуштарда иштешет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты