Казакстанда журналист Январь окуясы тууралуу даректүү тасма тартты

Көз карандысыз журналист Лукпан Ахмедияров кесиптеши Раул Упоров менен бирге 2022-жылдагы Январь окуясы тууралуу “Каңтар” даректүү тасмасын тартышты.

Бул тууралуу ал Instagram баракчасында билдирди.

«Бул тасманы эки жыл тарттык. Казакстандын 12 шаарында болдук. Полиция жана аскер адамдары элге ок аткан бардык калктуу аймактарды кыдырдык. Аягында төрт сааттык тасма жаралды» деп жазган журналист.

Анын айтымында, тасма эки бөлүктөн турат жана жеке адамдардын акчасына тартылды.

Эки сааттан ашык созулган тасманын биринчи бөлүгүндө жарандардын жапырт нааразычылыгынан кийин өлкөдө Нурсултан Назарбаевдин бийлиги акыры кантип кулаганы баяндалат. Тасманын экинчи бөлүгүндө Каңтар окуясынан жабыркаган коом жөнүндө болот.

Тасма «Жөнөкөй журналистика» YouTube каналында жарыяланды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары Январь окуясы тууралуу бир эмес, бир нече тасма тартышкан. Алардын бири нааразылык акциялары күч менен басылгандан көп өтпөй “Хабар” каналында көрсөтүлгөн. “Кайгылуу январь. Кандай болгон?» тасмасында Январь окуясы “бир борбордон координацияланган террорчулардын актысы” катары сыпатталган.

Казакстанда 2022-жылдын январь айында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты