Казакстанда шахтадагы кырсыктан беш жумушчу каза болду

  • 1 год мурун

Казактандын Караганды облусунда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык Ленин атындагы шахтада кырсык болуп, беш жумушчу каза тапты.

Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-ноябрга караган түнү шахтадагы газдын дренаждык скважиналарын бургулоо учурунда метан бөлүнүп чыгып, жарылуу болгон.

«Азыркы сааттарга карата беш жумушчу каза болгонун ырастайбыз. Жаракат алган жумушчулар ооруканага жеткирилип, медициналык жардам алып жатышат» деп билдирди басма сөз кызматынан.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы төрт жабырлануучу метанга ууланып, түрдүү жаракаттарды алганын кабарлады.

«Жабырлануучулардын экөө көп профилдүү оорукананын токсикологиялык бөлүмүнө которулду. Уулануудан тышкары башка да жаракаттарды алган эки жумушчу Шахтинск шаарындагы ооруканада дарыланып жатат» деди башкармалыктын өкүлү.

ӨКМдин маалыматына караганда, 3-ноябрга караган түнү болгон кырсыктан кийин шахтанын 106 жумушчусу эвакуацияланды. Полиция «Тоо же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен тергөө иштерин баштады.

Ленин атындагы шахта пайдаланууга 1964-жылы берилген. 1970-жылдардын аягынан бери шахтада адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык катталган. 2006-жылы метандын жарылуусунан 41 жумушчу каза болуп, бул шахтанын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калган.

«АрселорМиттал Темиртау» акционердик коому Arcelor-Mittal деп аталган эл аралык болот куюучу концерндин курамына кирет. Компания Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кенине ээлик кылат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты