Казакстанда, Самара-Чымкент жолундагы автокырсыкта кыргызстандык каза тапты. Экөө ооруканага жаткырылды

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлиги 22-майда Казакстандын Айтибий районунун Угайсын айылынын жанында, Самара-Чымкент автожолунун 1013-чакырымында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы болгонун жана анын кесепетинен 1997-жылы туулган У.И.У. каза болгону тууралуу маалымдады.

Унаанын ичинде болгон 1997-жылы туулган У.У. уулу жана 1997-жылы туулган Ш.Э.Б. аттуу эки жаран ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын биринин абалы оор, экинчиси жеңил жаракат алган. Жабыр тарткандардын туугандарына кайгылуу кабар жеткирилди. Казакстандагы элчилик тарабынан Кыргыз Республикасына “жүк -200” жөнөтүү маселеси иштелип жаткандыгы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты