Казакстанда парламенттик шайлоо өттү
- 6 months мурун
Казакстанда бүгүн, 19-мартта, парламенттик шайлоо болуп өттү.
Шайлоо парламенттин төмөнкү палатасы- мажилис жана жергиликтүү органдардагы өкүлчүлүк –маслихатка болду. Шайлоого 7 саясий партия катышты. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 609 талапкер катышты. Анын ичинен 325и – өзүн өзү көрсөткөндөр.
Казакстандын БШКсынын маалыматы боюнча, мажилиске щайлоого 12 млн 32 мих 550 киши катыша алат.
Сегизинчи чакырылыштагы мажилис мурдагы чакырылыштан айырмаланып, аралаш система боюнча шайланат: 70% парламенттик тизме менен, 30%ы бир мандаттуу округдардан. Бардыгы 98 депутат шайланат, анын 69у партиялык тизме менен, 29у бир мандаттуу округдардан.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү