Казакстанда Кыргызстандан Орусияга жеткирилмек болгон дрондор конфискацияланды

  • 11 месяцев мурун

Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз жеткирилмек болгон учкучсуз учактардын партиясы кармалды. Бул тууралуу Orda.kz сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, DJI AgrasT30 үлсүндөгү 14 дрондон турган дээрлик 16 миллион рублдик жүктү кыргызстандык «Импульс-Инвест» фирмасы ташып бараткан. Бирок анда мындай товарларды жеткирүүгө лицензиясы болгон эмес. Расмий түрдө учкучсуз учактар Орусиянын «Нова» аттуу курулуш компаниясына жеткирилиши керек болгон.

Казакстандын тиешелүү органдары «Импульс-Инвест» компаниясына 76 миң теңге (15 миң сомго жакын) өлчөмүндө айып пул салып, учактарды конфискациялаганы кабарланды.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын «кара тизмеге» киргизген. Мындан тышкары Москвага санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп жатканы үчүн Армения менен Кыргызстандын бирден компанияларына санкция салган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты