Казакстанда Кыргыз киносунун күндөрү өтөт
- 4 недели мурун
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги 29-жана 30-январда Казакстандын борборунда өтө турган Кыргыз киносунун күндөрү жөнүндө жарыялады. Иш-чара эки бир тууган элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
29-январь (бейшемби) саат 18:00дө Кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземинБаткендик токуучунун тагдыры жана чеберчилиги тууралуу терең философиялык драмасын чагылдырган атактуу режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары»көркөм тасмасы ачат.
2025-жылдын июнь айында тасма 27-Шанхай эл аралык кинофестивалынын башкы байгеси — «Алтын кубокту» жеңип алган. Тасма ошондой эле APSA Awards сыйлыгында ЮНЕСКОнун байгесине татыган жана Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.
30-январь (жума) саат 18:00дө — Көрүүчүлөргө режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын» курч сюжеттүү драмасы сунушталат. Тасма 2026-жылы «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгынын абсолюттук жеңүүчүсү болуп, «Мыкты тасма», «Мыкты сценарий» жана «Мыкты режиссёрдук иш» номинацияларында жеңишке жеткен. Кытайдагы ШКУ өлкөлөрүнүн фестивалында «Мыкты сценарий» байгесинин ээси, Пусан жана Лос-Анджелестеги абройлуу кинофестивалдардын катышуучусу болгон.
Кино күндөрү Астана ш., «Mega Silk Way» соода-оюн-зоок борборунун, «Chaplin Mega Silk Way» кинотеатрынын 4-залында орун алат. Тасмалар кыргыз тилинде, орусча субтитрлери менен көрсөтүлөт. Кирүү акысыз, алдын ала ээлеп коюу же билет талап кылынбайт.





