Казакстанда кармалган кыргызстандыктын бири бошотулду

  • 2 года мурун

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча кармалган кыргызстандык Өмүрбек уулу С. бошотулду.   

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 23-февралда, Алматы облусунун Райымбек райондук №2 сотунда Өмүрбек уулунун иши каралды.  Соттун өкүмү менен кырыгзстандык Өмүрбек уулуна айып салынып, Казакстанга 5 жыл кирбөө шарты коюлду.  

Өмүрбек уулу С. камактан бошотулганы жана жакын арада Кыргызстанга кайтып келе турганы маалымдалды.  

Казакстанда 18 чет өлкөлүк жаран Январь окуяларына катышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимовага шилтеме кылып кабарлады.

Азимованын айтымында, бүгүнкү күндө жыл башындагы окуяларга катышкан деп шектелген Өзбекстандын 14, Орусия менен Кыргызстандын экиден жараны камакта отурат.

Сүрөт: КР ТИМ.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты