Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытай: Түбөлүк достук келишимге кол коюлду
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына23-октябрда кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган жогоруда аталган алты мамлекеттин ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




