Казакстан бийлиги АЭС куруу боюнча референдумду быйыл өткөрүүгө даяр

  • 8 месяцев мурун

6-сентябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө аймагында атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча быйыл референдум өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу КазТАГ маалымат агенттиги БШКнын мүчөсү Шавкат Утемисовго шилтеме жасоо менен кабарлады.

“Маселе азырынча чечиле элек, бирок референдум өткөрүлөрү, датасы кийин аныкталары айтылды. Учурда бардык зарыл болгон даярдык иштери жүрүп жатат, анын ичинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүүдө. Жумушту аймактык шайлоо комиссиялары жүргүзүшү керек. Биз даярбыз”, — деди Утемисов мажилис кулуарында.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда атомдук электр станциясын куруу же андан баш тартуу маселесин жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштаган.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты