Казакстан: Бүргөгө каршы уу чачылган батирде эки наристе чарчап калды, беш киши ооруканага жатты

  • 6 месяцев мурун

Актау шаарындагы батирлердин биринде бүргөгө каршы уу чачылгандан кийин эки наристе чарчап калды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги Мангистау облусунун ички иштер башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, 21-октябрь күнү саат 8:50дө «102» нөөмөт бөлүмүнө 7-кичирайондогу үйлөрдүн бирине чакыруу түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу батирден бир жана эки жаштагы баланын сөөгүн табышкан. Беш адам ооруканага жеткирилген.

Имараттын жашоочуларынын айтымында, үй ээси 20-октябрда өзүнүн батиринде канталаларга каршы ууландыруу иштерин жүргүзгөн. Ал атайын кызматка кайрылган эмес. Канталаларга каршы каражаттарды башка шаардан сатып алганы, кошуна батирлердин жашоочуларына алдын ала кабар бербегени айтылууда.

Аталган факты боюнча «Байкабастан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген санитардык эрежелерди же гигиеналык ченемдерди бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Полиция экспертиза дайындалганын билдирди.

Казакстанда бүргөлөрдү ууландыруу адам өлүмү менен коштолгон биринчи учур 2018-жылдын ноябрь айында Мангыстау облусунда болгон. Анда 29 жаштагы аял жана анын эки жашар кызы көз жумган. Батирдин жашоочуларынын бири дезинсектор чакырган. Кийинчерээк экспертиза батирде кампаларды тазалоого арналган фумигант колдонулганын аныктаган. Бир жылдан кийин сот дезинсекторду аял менен баланын өлүмүнө себепкер болгон деген айып менен беш жылга эркинен ажыраткан.

Иллюстрациялык сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты