Казакстан АКШнын Газа тилкесиндеги согушту токтотуу демилгесин колдоду

  • 2 месяца мурун

Астана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтырууга багытталган эл аралык коомчулуктун аракеттерин чечкиндүү түрдө колдой турганын билдирди.

4-июнь күнү кечинде жарыяланган билдирүүдө Казакстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын тынчтык демилгесин кубаттады.

Өткөн айдын аягында АКШнын президенти Жо Байден Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча жаңы планын жарыялаган. Ал АКШда жана Европа биримдигинде террордук топ деп таанылган палестиналык ХАМАС тобун бул сунушту кабыл алууга чакырган.

«Биздин негизги жоболор Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле эл аралык коомчулуктун колдоосу менен Газа тилкесин калыбына келтирүүгө негизделген Ак үйдүн тынчтык демилгесин кубаттайбыз» деп айтылат Казакстан ТИМинин билдирүүсүндө.

Астана сунушталып жаткан чаралар ишке ашса, карапайым калк арасындагы кан төгүү жана курмандыктар токтоп, аймакта тынчтыкка жетишүү үчүн өбөлгөлөр түзүлөрүнө ишенерин билдирди.

Казак ТИМи ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжалдын жалгыз чечими – «эки эл үчүн эки мамлекет» формуласынын негизинде борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүү болорун, бул Казакстандын «өзгөрбөс позициясы» экенин баса белгиледи.

Израил менен Хамастын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан АКШ, Египет жана Катар эки тарапты барымтадагыларды бошотуу жана Газа тилкесинде ок атышпоо планына макул болууга чакырууда.

Байдендин үч баскычтан турган долбоору Израилдин сунуштарына негизделген. Биринчисинде тараптардын жарашуусу, согушкерлер кармап турган израилдиктердин бир тобун кайтаруу каралган. Андан кийин урушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана барымтадагылардын калганын бошотуу сунуш кылынган. АКШ президенти өзү да планды толуктоо керектигин кошумчалаган.

Былтыр 7-октябрда радикал топ Израилге кол салганда 1200 киши каза таап, 250дөн ашуун кишини барымтага алышкан. ХАМАСтын колунда азыр 100дөй киши кала берүүдө.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты