Касымалиев: Биринчи жарым жылдыкта онлайн сатып алуулар 1 млнго, суммасы 1,7 млрд сомго жакын болду

  • 7 месяцев мурун

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында онлайн сатып алуулар 1 млнго жакын транзакцияны түзүп, суммасы 1,7 млрд сомго жакын болду

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «E-commerce EXPO Central Asia 2025» электрондук коммерция боюнча эл аралык форумунун ишинде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында онлайн сатып алуулар 1 млнго жакын транзакцияны түзүп, суммасы 1,7 млрд сомго жакын болду, көлөмү боюнча өсүш өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 56%ды түздү.

Министрлер Кабинетинин башчысы электрондук коммерция паркы иштелип жатканын белгиледи. Бул электрондук коммерция ишкерлерин колдоо, санариптик инфраструктураны жана логистиканы түзүү аянтчасы. Жеңилдетилген салык жана укуктук база киргизилди: мисалы, жүгүртүүдөн 2% атайын салык режими, электрондук коммерциянын катышуучулары үчүн КНСтен, киреше салыгынан жана сатуудан салыктан бошотуу. Трансчек аралык сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты