Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго «Алтын Кыран» орденин тапшырды
- 11 месяцев мурун
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта, президент Садыр Жапаровду «Алтын Кыран» ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү.
Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн татыктуу болду.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген союздаштык мамилелер бекемделип жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана боордош казак элине Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Жапаров бул сыйлык кыргыз мамлекети менен кыргыз элине көрсөтүлгөн өзгөчө сый-урматтын, терең ишенимдин жана чыныгы боордоштук мамиленин даңазалуу белгиси катары экенин ырастады.
Сүрөт: president.kg




