Кашка-Суудагы беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы: Шектүү кармалды

  • 3 месяца мурун

14-майда Бишкек-Кашка-Суу жолунда жол кырсыгы болуп, анда беш кишинин өмүрү кыйылган. Шектүү кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча, 14-майда, болжол менен саат 18:40 та Honda Torneo унаасынын айдоочусу, 2004-жылы туулган К уулу И. катуу ылдамдыкта келе жатып, жол четинде турган жүргүнчүлөрдү коюп кеткен.

Ал жол кырсыгынан окуя болгон жерде беш киши каза тапкан :С.С., 1997-жылы туулган, Б.А., 2024-жылы туулган, А. М. 2020-жылы туулган, А.А., 2022-жылы туулган, Ч.Ф., 2011-жылы туулган.

Бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, 2004-жылы туулган К. уулу И. Шектүү катары кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты