Караколдо куткаруучулар муз жарылып, сууга кирип кеткен кызды куткарышты  

Бүгүн, 12-февралда, Каракол шаарында Дача тилкесиндеги көл үстүндөгү муз жарылып, натыйжада эки киши — 2008-жылы туулган Т.К. аттуу аял киши жана 1996-жылы туулган Р.Р. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткен.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, сууга түшүп кеткен аялды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми эркек кишини жергиликтүү тургун суудан аман-эсен чыгарган.

Сүрөт: ӨКМ виедосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты