Каракол: Ымыркайлар өлүмүнөн кийин бир катар жетекчилер жана кызматкерлер кызматтан бошотулду   

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 27-январда Ысык-Көл облусундагы ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынын, ошондой эле райондук администрациялардын жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө облуста жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча абалды талдоо, ошондой эле 2023-жылдын январь айында Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын төрөт бөлүмүндө чарчап калган 6 ымыркайга медициналык жардам көрсөтүү боюнча эксперттик баа угулду.

Республикалык комиссиянын жана кеңешменин жыйынтыгы боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген оору жугузуп алуу учурларын өз убагында аныктоо жана анын алдын алуу иштерин жетишсиз деңгээлде уюштургандыгы үчүн административдик жаза чаралары көрүлдү.

Тактап айтканда, саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин атаруучу М. Кыдырбаева, Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын директору М.Сагынбаев., оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары И.Атагелдиева, оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Р. Алдашева оорукананын ресурстук борборунун башчысы А.Айткулуева кызматынан бошотулган.

Ооруканадагы ички инфекцияга жол бербөөдө өз учурундагы чараларды  жүргүзүү боюнча иште ырааттуулук сакталбагандыгы жана жетишсиз көзөмөл үчүн мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору, Ысык-Көл облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясына ээ Г. Тайлакова кызматынан бошотулду. Ошондой эле оорукананын бир катар кызматкерлерине жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты