Каракол шаарындагы жаңыланган аэропорттун ачылышы болду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-декабрда, Караколдо жаңыланган эл аралык аэропорттун ачылышы болду. Президент Садыр Жапаров эл аралык аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.
“Иштебей турган “” аэропорту мына бүгүн кайра калыбына келип, ишин жандантып турат. Саатына 250 жүргүнчү өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Каракол – Кыргызстандын кышкы туризминин борбору десек болот. Каракол шаарынын тоо лыжа базасына не бир түркүн өлкөлөрдөн туристтер келип, биздин жаратылышка суктанып кетишет” деди Садыр Жапаров.
«Азыр биз эл аралык дүйнөлүк граждандык авиация уюму тарабынан текшерилип, 2023-жылы учуу коопсуздугу, ал эми 2024-жылы авиациялык коопсуздукка байланыштуу эки аудиттен ийгиликтүү өттүк. Бул биздин авиация тармагыбыздын дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин далилдей турган маанилүү жетишкендик болуп эсептелет. Тарыхый өңүттөн алып караганда Кыргызстан Евробиримдиктин авиация тармагынын кара тизмесинен чыгуу маселесине эч качан мынчалык көңүл бурган эмес экен. Атүгүл, буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар да жасалбаптыр. Биз азыр бул маанилүү этапты жеңип өтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз” деди президент Жапаров.
“2025-жылдын башында Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы кеңсесинен Кыргызстанга аудит жүргүзүү үчүн адистери келишет. Бул текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп алсак, биздин авиакомпанияларга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кара тизмеден чыгабыз. Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң самолет сатып алабыз деп турабыз” деп айтты мамлекет башчы андагы сөзүндө.
Сүрөт: president.kg