Каракол шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды
- 9 ай мурун
Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 1-мартта, Каракол шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын сот тутумунун тарыхында биринчи жолу Сот адилеттиги үйү ачылып, бир имаратта Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл административдик соту жайгашат.
Бир катар жергиликтүү сотторду бир жерге жайгаштыруу менен көптөгөн маселелер чечилип, мурда колдонулган имараттар бошотулду.
Буга чейин бул имарат чек арачы-аскерлер үчүн 500 орундуу жатакана (казарма) катары пайдаланылган, ал эми 2021-жылдын сентябрь айында Сот адилеттиги үйүнө ылайыктап, капиталдык оңдоосу башталаган.
Өз сөзүндө мамлекет башчы бүгүнкү иш-чараны өлкөнүн сот тутумундагы өтө маанилүү окуя катары белгиледи. Анткени бул Сот адилеттиги үйүнө сот тутумундагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн башаты болот деген чоң үмүт артылып отурат.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.