Каракол шаардык сотунун мурдагы катчысы пара алуу фактысы боюнча кармалды
- 12 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлүп жаткан сот тутумундагы системалуу коррупцияны алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, Каракол шаардык сотунун мурдагы соттук отурумдардын катчысы «О.К.К.» пара алуу фактысы боюнча кармалды.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал сот отурумдарынын катчысы болуп иштеп жүргөн учурда, өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, Каракол шаардык сотунун судьясы «А.А.П.» нын атын жамынуу жолу менен, жарандык иш боюнча оң чечим чыгарууга көмөктөшөм деген шылтоо менен жабырлануучудан 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
Натыйжада, шектүү кармалып, учурда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө органдары бул ишке судья «А.А.П.»нын тиешеси бар же жок экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө иштерин улантууда.




