Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азыркы тапта аймакты караган №11 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн.

Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-декабрда, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Сүрөт: mtd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты