10-декабрда: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-декабрда, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Кээ бир аймактарга туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, айрым жерлерде 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…-9;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз ; 0…+5;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;
Бишкек шаарында түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…-2 градус. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.
Кыргызгидромет кызматынын буга чейинки маалыматына ылайык, 10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачын күчөшү күтүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан




