Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды
- 1 неделя мурун
Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 9-январь күнү Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болгондуктан жана 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан аталган жол бактылуу жабылды.
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырым аралыктары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жабылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү