Карачев менен Токтомамбетов дүйнө чемпионатында (U-23) күмүш медалга ээ болушту

  • 1 год мурун

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Абдымалик Карачев жана Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулардын арасындагы дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлешти.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Абдымалик Карачев 57 кг чейинки салмактагы чен бирдигинде финалга чыкканга чейин Кытай, Америка жана Иран Ислам мамлекетинин балбандарын жеңген. Ал эми алтын медаль үчүн кармашта индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.

Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмакта Азербайжан, Түркия, Россия балбандарын утуп, финалда жапониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.

Карачев менен Токтомамбетов дүйнө чемпионатында (U-23) күмүш медалга ээ болушту
74kg FS — Orozobek Toktomambetov (KGZ)

Баш сүрөттө: Абдымалик Карачев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты