Кара-Суудагы «Россия нефть» базасындагы өрттөн эки киши жаракат алган    

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында 3-июлда саат 18:20да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү авто цистерна күйгөн. Мындан сырткары эки адам жаракат алып, медицина кызматкерлерине берилген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жаткандыгын ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты