Кара-Суудагы атышуудан эки киши жаракат алды  

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы ок атышуудан алган жаракатынан улам эки киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ок атышып жаткандыгы боюнча маалымат 27-февралда саат 20:30дарда түшкөн. Аталган факты боюнча Кара-Суу милициясынын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганы кабарланды.

“Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январь күнү саат 19:15 чамасында, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине тек-жайы аныкталбаган 30-35 жаштар чамасында куралчан, камуфляж формасын кийишкен белгисиз жарандар “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү автоунаа менен келишкен. Үйдүн короосуна кирип, аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тойота Ленд Крузер 200″ автоунаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Аткан октон жараат алган эки жаран ооруканага кайрылган» деп айтылат маалыматта.

Ош милициясы тараткан маалыматка караганда, жараат алгандар 32 жана 21 жашта.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси, «карактоо» боюнча кылмыш иши козголду. Түнкү саат 23:20дан кийин «Мерседес-Бенц-Вито» үлгүсүндөгү автоунаа Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары алынган.​

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты