Кара-Сууда мурдагы депутат жер сатууга шектелип кармалды
- 9 месяцев мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкесине байланыштуу алдамчылыкка шектелип, айылдык кеңештин мурдагы депутаты кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 26-сентябрында Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган тургуну С.М. милицияга кайрылып, 2021-жылдын жаз айларында Савай айыл аймагынын тургуну, 1991-жылы туулган О.М. эки жер тилкесин мыйзамдаштырып берем деп ишендирип, андан 170 миң сом алып, бирок убадасын аткарбай, изин суутканын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Кара-Суу РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иштеринин негизинде шектүү катары О.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.




