Кара-Сууда киши өлтүрүүгө шектүү экөө кармалды
- 3 недели мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунда 18 жаштагы А.А. аттуу кыз өлтүрүлгөн. 25-апрелде аталган ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кызды өлтүрүүгө шектелип, 18 жаштагы Ж.С. жана 16 жаштагы А.Б. кармалды.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ушул эле күнү кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган Ж.С. жана Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган А.Б.аттуу жарандары кармалды.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү