Кара-Сууда айыл өкмөттүн жер боюнча адиси пара менен кармалды

28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси  пара алып жатканда кармалды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, айыл өкмөттүн жер боюнча адиси жер тилкеси үчүн документтерди берүү үчүн жергиликтүү тургундан 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Кара-Суу районунун  Мады айылынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси 1969-жылы туулган С.Р. өзүнүн иш бөлмөсүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү жабырлануучудан мурда
30 миң сом алган. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты