Кара-Сууда 20 жашар жаран улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

  • 5 месяцев мурун

Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.

Ага ылайык, шектүү Тик Ток аркылуу тараткан видеодо улуттар аралык кастыкты козутуучу мазмун бар деген бүтүмдү атайын дайындалган экспертиза чыгарган.

Экспертизанын жыйынтыгынан соң Бул боюнча кылмыш кодексинин 330-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран милициянын тергөө абагына камалды.

Тик Ток — Кыргызстанда дагы кеңири колдонулган социалдык тармактардын бири. Анда билим берүү, маданият, спорт, бизнес сыяктуу бардык тармакка тиешелүү контент же жөн эле көңүл ачуучу видеолорду дагы көрүүгө болот.

Август айында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Министрлик буга Тик Токто балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы себеп деп билдирген.

Кийинчерээк соцтармактын өкүлдөрү менен аталган министрликтин сүйлөшүүлөрүнөн кийин, социалдык тармакты бөгөттөө токтотулганы расмий кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты