Кара-Суу районунда контрафакт товарларды чыгарган көмүскө цех аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цехти аныктады.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу жашыруун цехтер аныкталган.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүршүндө, тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.

Текшерүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты