Кара магия, көзү ачыктык менен алектенгендерге каршы мыйзам долбоору ЖКда экинчи окууда кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көзү ачыктык, кара магия, мистика менен алектенгендерге каршы, «Жарнама тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Мыйзам демилгечилери депутаттар — Марлен Маматалиев, Бактыбек Чойбеков, Таалайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, Алишер Козуев, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков, Русланбек Жакышов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Тазабек Икрамов, Жалолидин Нурбаев, Чынгыз Ажибаев, Алишер Эрбаев, Элдар Абакиров, Талант Мамытов, Шарапаткан Мажитова, Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Эрулан Кокулов, Бакыт Тентишев, Исатбек кызы Аида, Камила Талиева.

Мыйзамды “Ата журт-Кыргызстан” фракциясынан Жылдыз Садырбаева алып чыкты.

Депутат Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоору эмне жөнүндө болуп жаткандыгына, кимдер бул категорияга кирээрине кызыкты.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев алдоо фактылары көп катталып жаткандыгын, көзү ачыктыгын көрсөтүп, жарнамалап, жеке баюу максатында элди алдап жаткандарга күрөш жарыялаш керектигин белгиледи.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кара магия менен алектенгендер боюнча биринчи кезекте күрөш болоорун, астрология, нумерология да буга кирээрин кошумчалады.  

Депутат Исхак Масалиев белгилүү адамдардын сүрөтүн коюп, Интернетте жарнамалап, акча табуу аракеттери да бар экенин, муну да эске алуу керектигин белгиледи.  

Депутат Дастан Бекешев жалпысынан мыйзамды колдоорун, бирок мындай мыйзам мурда болгонун, Интернет өнүккөн учурда мыйзам кандай иштей тургандыгын, түз жарнамадан башка кыйыр жарнамалар да көп болоорун айтты.

Депутат Гүлшархан Култаева башка мамлекеттерден, психологиялык жардам, кызмат көрсөткөндөр боюнча да сунуш киргизгенин, бирок эмнегедир өтпөй калганына кабатыр болду.

Сүрөт: kenesh.kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты