Кара-Кулжанын дагы бир айылында суу жок экени айтылды
- 2 месяца мурун
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Чалма айылында он күндөн бери таза суу жок болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.
“Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Чалма айылында он күндөн бери таза суу жок. 6 миңден ашык адам жашайт. Түтүк жарылып, 10 күндөн бери элге суу келбей жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигин ыраазылык билдиребиз, автоунаа менен бала бакчага, мектептерге суу ташып жатыптыр. Бирок бүгүнкү күндө элдин суусу жок. Кары-картаңдар бар, балдары мигрант болуп чет жакта иштеген. Абдан кыйналып жатышат. Айыл өкмөт, аким жакшы иштеп жатышыптыр, бирок техника керек экен, түтүк тоодон түшүптүр, ошону тез арада чечип берсеңиздер» деди депутат Өмүрзаков.
Ошондой эле депутат Сары-Булак айылына жер көчкү түшүп, райондук борборго – Кара-Кулжага, Ош шаарына каттай алышпай эатканын айтты.
Чалма айылында таза суу жок болуп жаткандыгын депутат Айсулуу Мамашова да айтып чыкты.
Мындан мурда Кара-Кулжа районундагы ушул эле Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына «Өзгөчө кырдаал режими” киргизилген. Мындай чечим жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 18-декабрындагы буйругунун негизинде кабыл алынды.
Сүрөт: ӨКМ