Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 12-январда, саат 11:52де Ош облусунун Кара-Кулжа районунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ал эми Өзгөн районунда 2,5 баллга чейин болду.  

Жердин силкинүүсү Кара-Кулжа районундагы Кара-Жыгач айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Ийрек, Курбу-Таш, Туз-Бел айылдарында 2,5 баллга (Кара-Жыгач айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта, Ийрек айылынан 7 чакырым түндүк батышта, Курбу-Таш, Туз-Булак айылдарынан 10 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты