Кара-Кулжа райондук ИИБ кызматкерлери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирге 1-ноябрга караган түнү кылмыш ишти оң жакка чечип берем деп 120 миң сом талап кылган Ош облусунун  Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлерин колго түшүрдү. Адар 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалгандар УКМК Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы айтылды.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты