Кара-Буура Айтматов району болот. Дагы кайсы айыл аттары өзгөрөт?
- 2 года мурун
Бүгүн, 22-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жыйынында Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.
Эми мыйзам долбоору тиешелүү добуш алса, райондордун, айфлдардфн аталыштарында өзгөртүүлөр болот.