УКМК: Айтматов районунун салык кызматкери кармалды
- 2 недели мурун
Мамлекеттик салык кызматынын Талас облусунун Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы Р.Б.К кармалып, Талас шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Р.Б.К. «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, жогоруда аталган компанияга мамлекетке салык карызы жок экендиги тууралуу маалыматтык катты мыйзамсыз берип, анын банкрот деп табылышына өбөлгө түзгөн. Р.Б.К. жалган маалымкат берүүнүн изин жашыруу максатында МСКБнын маалымат базасына «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКнын мамлекетке 213 млн. 134 миң 589 сом карызы тууралуу маалыматты киргизген.
Натыйжада «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсы банкрот деп табылып, мамлекеттин кирешесине 213 миллион 134 миң 589 сом өлчөмүндө милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы