Таластын Жоон-Дөбө айылында Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйү оңдолуп-түзөлүп, ачылды
- 1 месяц мурун
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 4-октябрда салтанаттуу түрдө ачылды.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанатта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бул күндүн маанисине токтолуп:
“Жаңы маданият үйүндө ыр-күүлөр жаңырып, таланттуу жаштардын калыптанышына, айыл турмушунун жанданышына өбөлгө түзүлөрүнө ишенем. Бул маданий очок Ташбоо агайыбыздын элге калтырган мурасын даңазалап, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кызмат кылат” деди.
Иш-чарага ошондой эле Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев, президенттик администрация өкүлү Октябрь Капалбаев, Кыргыз Эл Баатыры Алиясбек Алымкулов, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана искусство өкүлдөрү катышты.
Имарат республикалык бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланып, заманбап шарттарда кайра пайдаланууга берилди. Маданият үйүнүн ичинде Ташбоо Жумагулов атындагы музей ачылып, анын бюсту коюлду.
Коомдук ишмер жана дипломат Ташбоо Жумагулов өмүрүнүн көп бөлүгүн агартуу, маданият жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арнаган.


Сүрөттөр: Маданият министрлиги




